Түгөйлөр үчүн: Эротикалык укалоо жана анын пайдасы

Күз. Жумуш күчөп, күнүмдүк турмуш-тиричиликтин түйшүгүнө терең кирип кеткен кез. Бирок бул нерселер өмүрлүк жолдошуңузду көңүлдөн сырт калтырууга себеп эмес. Үй-бүлөнүн бекем болушуна сиздердин "ысык мамилеңиздердин" да өзүнчө ролу бар экенин эске алууну эстен чыгарбаңыз. Балким, бүгүн анын көңүлүн эротикалык укалоо менен көтөрөсүз?

Эзелтеден эротикалык укалоо шеригине көңүл буруп, сыйлоонун, аны менен катар анын сексуалдык дараметин көтөрүп, төшөктөн чогуу ырахат алуунун ачкычы болуп келген. Андыктан канча заман өтсө дагы эротикалык укалоо өз маанисин жоготпой, ушул күнгө чейин колдонулууда. Эротикалык укалоонун бир топ түрлөрү бар. Алардын ичинен аялдар жана эркектер үчүн бирдей колдонулуп жүргөн аралаш түрүн сунуштайбыз.

ПАЙДАЛУУ ЖАГЫ КАЙСЫ?

  • Нерв системин бекемдеп, активдүүлүктү арттырат. Чыңалуудан арылтып, стресстен кутулууга, депрессиядан чыгууга көмөктөшөт.
  • Канды айлантып, теринин өңүн, дем алууну, тамак сиңирүүнү жакшыртат.
  • Денедеги уулуу заттардын чыгуусуна түрткү берет. Анча-мынча шишиктерден арылтат.
  • Сексуалдык энергияны ойготуп, жандантып, керектүү багытка бурат. Бел кубатын көтөрөт. Жан дүйнөнүн калыпка келүүсүнө шарт түзөт.

Жана да... Жаш куракка карабай жыныстык жашоону байытат, үй-бүлөлүк мамилени чыңап, бекемдейт.

КАЙСЫ УЧУРДА БОЛБОЙТ?

  • Онкологиялык оору бар болсо же өнөкөт оору козголуп жатса.
  • Варикоз бар болсо, ал жерлер укаланбайт.

КАЙСЫ ЖЕР ЫҢГАЙЛУУ?

  • Эң ыңгайлуусу жагымдуу бөлмөдөгү төшөк же үстүнө жука төшөк салынган чоң стол.
  • Кандай май колдонулат?
  • Укалоо үчүн чыгарылган майга эфир майын (мисалы, гвоздика, роза, кипарис ж.б.) кошуп даярдап алуу. Мындай майдан укалоонун таасири күчөп, жакшы жыйынтык берет.

ДАЯРДЫК
Бөлмөнүн ичи, сиздин колуңуз жана май жылуу болушу кажет. Жарыкты өчүрүп, түстүү шамды жагып, сезимди эргитүүчү жагымдуу музыканы коюңуз. Романтиктер бөлмөгө гүл желекчелерин (жасалмасы деле боло берет) да чачып койсо болот. Жан шеригиңиздин бул убакта душка түшүп чыгышы укалоого жакшы шарт түзөт.

КОШУМЧА
Эротикалык укалоонун алдында аял менен эркекке сексуалдык энергия тартуулай алган азыктардан жеп алса, жыйынтыгы сиз күткөндөн ашып түшөт. Мисалы, курамында бел суунун иштелип чыгышы үчүн керектүү B витамини жана калий бар бананды. Төшөктө күүлөндүрүүчү азык – спаржаны же ашкабактан жасалган пирогду. Болбоду дегенде илгертен келе жаткан афродизиактар – жумуртка менен шоколадды.

УКАЛООНУ ҮЙРӨНӨБҮЗ
1.Чыгышта аял күйөөсүнүн бутун дагарадагы жылуу сууга салып, жууп берүү салты бар. Кааласаңыз жасаңыз, болбосо жок. Жууганда ар бир манжасын, кызыл ашыгын, томугун акырындан сылагылап ушалоо сунушталат.
2. Түгөйүңүздү көмкөрөсүнөн жаткырып, колуңузга майдан шыбаңыз. Эми төмөнкү бир топ көнүгүүлөрдү аткаруу үчүн түгөйүңүз макул болсо, үстүнө чыгып отуруп алыңыз. Болбосо жерде туруп же отуруп деле жасаса болот.
3. Белден өйдө укалоо

  • Белинен өйдө колуңуз менен бир нече ирет толук сылагылап чыгыңыз. Бул денени көндүрүү жана жумшартуу ордуна жүрөт.
  • Омуртканын эки капталынан белден өйдө колдун учу менен алгач түз, анан спираль, акырында зигзаг түрүндө укалоо.
  • Моюндан далы булчуңдарын көздөй алакан менен укалоо.
  • Далылардын этин акырындан чоюп-тарткылоо.
  • Колдордун кыры менен белден өйдө акырындан чапкылоо.

4.Кол
Кадимкидей укалоо, чыканактарды айланта сылагылоо.

5. Бел
Алгач белди сүргүлөө, анан колдун учу менен айланта укалоо, акырында сылагылоо кажет.

6. Жамбаш

  • Өйдөдөн ылдый, ылдыйдан өйдө тегиз бир нече ирет сылагылоо.
  • Сылап баратып колду тартып алуу, дагы бир аз сылап, колду тартып алуу...
  • Алакан менен тегерете укалоо, анан кол менен жамбашты аздан чапкылап чыгуу.
  • Чычаңды баш бармак менен тегерете укалоо.

7. Эми түгөйүңүздү чалкасынан жаткырыңыз.
Кулагын, моюнун, анан акырегин акырындан сылагылап, укалаңыз.

8. Эмчек

  • Акырындан тегиз сылагылоо.
  • Эмчекти колдун учу менен тегерете спираль түрүндө укалоо.
  • Манжалардын учун жамгыр жаап жаткандай дыбыратып өтүү.
  • Эмчегинин үрпүн ортон манжанын учу менен тегерете сылагылоо, үрпүн акырындан тарткылоо.

9. Курсак

  • Тегиз сылагылоо.
  • Кол менен курсакты саат жебеси боюнча айланта укалоо, өйдө-ылдый акырындан сүргүлөө.

10. Киндик, жука чурай, тизе

  • Киндиктен ылдый жука чурайына чейин өйдө-ылдый, тегерете, анан манжалардын учу менен сылагылоо (бирок жыныстык мүчөлөргө тийишпөө кажет).
  • Сандын ички бетин да сылоо.
  • Тизеге чейин сылагылоо.

11. Моюнун, эмчегин, үрпүн, киндигин өпкүлөп чыгуу менен укалоону жыйынтыктасаңыз болот.

Эскертип кетчү нерсе, убактыңыз тар болсо, жогорудагы көнүгүүлөрдүн айрымдарын колдонбой, керектүү дегендерин тандап алсаңыз болот.

Макала "Супер-Инфо" гезитинин №580 санынан алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Asmat84
2021-10-18 16:10:37
Үй бүлөлүк бекем ынтымакты сактап калуу үчүн, түгөйлөр бири-бири мүмкүн болушунча жакындагыла. Эң негизгиси аялы күйөөсүнүн күйөөсү аялынын көңүлүн алыш керек.
+6
Jigito
2021-10-19 00:09:40
Ушундай массажды ар бир жан каалайтко чиркин мен мындан да сонун ыкмаларын билем,, Бул жерде секреттерин ачык жазбай кетиптир ,,
+2
Ala.too.456
2021-10-19 00:20:50
Уйлонгум келип кеттиго...
0
Mister-XXX
2021-10-19 04:16:03
Эркек аялын укалоо жөнүндө жазыптыр.
Ал эми аял эркекти укалоо боюнча неге жазбадынар?Эркекти дүүлүктүрүш керек биринчи,аялды дүүлүктүрүш оңой эле.
0
KG-312
2021-10-19 07:16:32
Бул жерде аялдын эркекке массаж жасаганын айтыптыр. Чыгыштын аялдарына окшоп бутун жууп, манжаларында укаласаңыз болот, дептирго, демек аялдарга айтылган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан