Beeline мурдагыдан да жакын болуп калды: Компаниянын топ-менеджменти ЖМК өкүлдөрү менен жолугушту

Beeline уюлдук операторунун топ-менеджменти формалдык эмес шарттарда интернет басылмаларынын, телеканалдардын өкүлдөрү жана блогерлер менен жолугушту. Компаниянын жетекчилигинин негизги максаты – медиакоомдоштук менен таанышуу, алар менен тыгыз өз ара аракеттешүү түзүү болгон.

Иш-чара 13-октябрда Novotel мейманканасында болуп өттү. Жолугушууга 30га жакын ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер келип, компаниянын топ-менеджменти менен баарлашып, акыркы жаңылыктардан кабар алып, өз суроолорун беришти. Ал эми журналисттерде суроолор көп болгондугун белгилей кетүүбүз керек.

Коноктор оператордун социалдык багытталуусу, каржылоо үчүн коомдук маанилүү долбоорлорду тандоо критерийлери жөнүндө сурашты.

Бул бөлүктө Beeline’га дароо бир нече сунуштар түштү: борбор шаарыбыздын университеттеринин биринде интернетке чыгуу үчүн атайын аймактарды жабдуулоодон тарта белгилүү телешоунун башкы демөөрчүсү болууга чейин. Алардын кээ бири компанияны кызыктырып, аларды карап чыгууга убада берди.

Мындан тышкары, журналисттерди жана блогерлерди тармактын өнүгүшү жана оператордун кызматтарын кеңейтүү боюнча суроолор кызыктырды. Мында Beeline командасы өзүнүн акыркы жаңылыгы менен бөлүшүп, Бишкектеги байланыш сапаты жана интернеттин ылдамдыгы мурдагыдан да жакшырып, тездейт деди.

«Өзүңүздөр билгендей эле биз Радиожыштыктарды сатуу боюнча мамлекеттик агенттигинин онлайн-тооругуна катышканбыз. Бул үч оператордун атаандаштык жана ачык күрөшү болду жана анын натыйжасында биз 360 млн сомдон ашык, тилке кеңдиги 40 МГц болгон 2360-2400 МГц диапазонундагы радиожыштыктуу спектрди сунуштоо менен жеңүүчү аталдык. Ошентип бизде өз абоненттерибизге мурдагыдан да сапаттуу кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар жана биз буга ар дайым умтулуп келебиз», — деп бөлүштү Beeline’дын Башкы директорунун Биринчи орун басары Beeline’дын финансы директору Айзада Мадамбекова.

«Скай Мобайл» ЖЧКсынын коммерциялык директору Александр Атаманов жаңы жыштыктар абоненттер үчүн уюлдук интернеттин ылдамдыгын үч эседен ашык жогорулатууга мүмкүндүк берет, демек, колдонуу тажрыйбасы бир кыйла жакшырарын айтты.

«Компания үчүн артыкчылыкта кардарлардын канааттануусу турат. Beeline буга өз күчүн жумшап, кардар бактылуураак болгонун баалоого мүмкүнчүлүк бере турган талдоону жүргүзөт. Мисалы, ушул жылдын III кварталында өткөрүлгөн Brand Health track изилдөөсү азыркы учурда биз үй-бүлө үчүн мыкты оператор экенибизди, Call-борборубуздагы тейлөө эң мыкты экенин, ошондой эле эл аралык оператор катары алдыда экенибизди көрсөткөн», — дейт Александр Атаманов.

Дагы бир кызыктуу суроо Beeline брендин жаңылоо жана уюлдук кызматтар рыногунда компанияны жаңыча позициялоо туралуу болду. Жакында эле россиялык Билайн компаниянын алдыда боло турган өзгөрүүлөрү тууралуу билдиргендигин эске алсак, бул күтүлгөн суроо болчу.

Албетте, Beeline Кыргызстан – биз баалаган улуттук өзгөчөлүккө басым жасоо менен ички рынокко багытталган жергиликтүү оператор экенин эстен чыгарбоо керек. Бирок анын эл аралык ири компаниянын да бир бөлүгү болгондугу операторго чоң позитивдүү дүйнөлүк тажрыйбага жол ачып берет жана аны Beeline өз ишинде ийгиликтүү колдонуп, КР телекоммуникациялык рыногунда жаңы тренддерди улам-улам көрсөтүп турат.

«Биз азырынча бул суроо боюнча так эч нерсе деп айта албайбыз. Ооба, чындыгында өзгөрүүлөр болот, бирок алар тууралуу кененирээк кийинчерээк айтып беребиз – деп четин чыгарды «Скай Мобайл» ЖЧКсынын коммерциялык директору.

Албетте, КРдагы уюлдук байланыш жана интернет колдонуучуларынын өзгөчөлүктөрү, уюлдук байланыштын тренддери жана Beeline кайсы багытта жылары жөнүндө суроолор да болду. а

Аларга жооп берип жатып, Александр Атаманов компания диджиталга кете берерин айтып, ошондой эле жарнама берүүчүлөр тараптан YouTube’дун бааланбаганы жөнүндө өз ою менен бөлүштү.

«Россияда жана коңшу Казакстанда, YouTube’дан видео көрүүнүн алдында колдонуучулар бир нече мүнөт жарнама-видео көрүшөт. Ушул жана башка өлкөлөрдө жарнама роликтери YouTube’дун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Мында кыргыз контентине болгон кызыгуу жетиштүү деңгээлде жогору. Мисалы, биз башкы өнөктөшү болгон «Кошунаны Тандабайт» аталган сонун сериал 3 млн көрүүчү топтойт. Бул YouTube’дагы жарнама натыйжалуу экендигин көрсөтөт», - дейт Атаманов.

КРда уюлдук байланышты колдонуу өзгөчөлүгүн карасак, негизги өзгөчөлүк – бул интернет трафигинин абдан чоң өлчөмдө колдонулуусу. Коңшуларга, деги эле башка дүйнө өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстандын абоненттери привилегиялуу абалда турушат. Биз бардыгынан аз төлөп, көбүрөөк гигабайт алабыз.

Мындай абал операторлор үчүн кошумча жүктөм жаратат, себеби жаңы база стацияларын куруп, тармакты өнүктүрүү кымбат. Буга карабастан Beelinе өз абоненттеринен үнөмдөбөйт, оператор көрсөтүлгөн кызматтарын жакшыртууга тынымсыз түрдө каражат жумшайт.

Иш-чара достук, формалдуу эмес жагдайда өтүп, бирге өткөрүлгөн убакыт ичинде коноктор бири-бири менен баарлашып, викторинага катышып, жөн гана жакшы убакыт өткөрүштү.

Кеченин аягында компания IPhone13 Pro ойнотту. Анын бактылуу ээси болуп республикадагы эң биринчи гезиттердин бири «Слово Кыргызстана» гезитинин өкүлү табылды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан