Биз социалдык тармакта

Бишкекте эки күндүк рейдде 31 мас айдоочу кармалып, 542 миң 500 сом айып салынды

Эки күндүк рейддик иш-чара учурунда кайгуул кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында 31 мас айдоочу кармалып, 542 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери дем алыш күндөрү “Бахус” аталышындагы атайын жол кырсыктарынын алдын алуу багытында рейддик иш-чара өткөрүп, 2 күндүн ичинде 1665 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктаган.

Алардын ичинен;

- Мас абалында унаа башкаруу - 31:

- Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу - 24;

- Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 9;

- Башка жол эрежелерин бузуулар - 1601;

136 автоунаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2021-10-18 17:56:20
Тиги мастарды олчойтуп штраф салып айдоочулцк куболугун кыркып салыш керек омур бою
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан