реклама
super.kg logo

Путин "суктанган" журналист айым Хэдли Гэмбл же ал Путинге "суктанганбы?" (сүрөттөр)

 

Өткөн аптада Орусиянын президенти Владимир Путин америкалык журналистке маек берип жатып, ага комплимент айткан видеосу тараган болчу. Журналист Хэдли Гэмблдин суроосуна жооп берген соң, ал кайрадан суроо узаткан. Анда Путин: "Келишимдүү жана сулуу айым, бирок ал мени укпай эле отургансыйт" деген. Буга Хэдли Гэмбл жооп кылып, Орусиянын өлкө башчысынын жоопторун угуп жатканын айткан.

"Москва. Кремль. Путин" берүүсүндө журналист Павел Зарубин америкалык журналист айым Путиндин жоопторун аягына чейин уккан жок деп сыпаттаган.

"Путин менен маектешкен журналист анын жоопторунун котормосун аягына чейин укпай жатты. Биз ага жоопторго караганда өзүнүн суроолорун берүү алда канча маанилүү болуп жатканын байкадык", - деген ал. Ошондой эле Зарубин Путин да котормочуну аягына чейин укпаганын, анткени ал англис тилин түшүнгөндүгүн кошумчалаган.

Орусиялык маалымат каражаттары жазгандай, Хэдли Гэмбл 39 жашта. Ал CNBC телеканалынын Абу-Дабидеги өкүлчүлүгүндө иштейт. Путинден тышкары бир катар мамлекет лидерлеринен маек алган.

Журналист айым Инстаграмдагы баракчасына бул интервью боюнча да бир катар видео, сүрөттөрдү жүктөп пост жазган. Жакында эле ал Путиндин сүрөтү түшүрүлгөн тортту сүрөткө тартып жүктөп "Менин мыкты досторум бар" деп жазган. Ал эми тортто "Too beautiful!" (абдан келишимдүү) деп жазылган.






Владимир Путин америкалык журналистке комплимент айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.10.2021. 18:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
04-12-2021 21:04
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соо эмес экоо - деглери келип атабы
18.10.2021. 22:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3816
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
04-12-2021 19:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Троя 2 деген кино тартылганы жатат окшойт.
18.10.2021. 22:58 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
04-09-2021
Соӊку аракети:
04-12-2021 19:33
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сулуу журналист айым экен.
18.10.2021. 23:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
331
Катталган:
25-08-2013
Соӊку аракети:
04-12-2021 21:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сүлүктү
+5
alimbek94,ооба. Чачын жайып коё бериптир)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
181483;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: