Эртең, 19-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттигинен билдиришти.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25,
Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,
Талас облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 15...20,
Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 15...20,
Бишкекте түнкүсүн 4…6, күндүз 19…21.