Жогорку окуу жайлардын студенттерин COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө эч ким мажбурлабайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына маалымдашты.
"Студенттерди эмдөөгө мажбурлоо жок. Бул нерсе түшүндүрүү иштери менен жүргүзүлүшү керек. Ал эми сабактарга кирүүгө чектөө коюу боюнча биз тараптан эч кандай чара жок", - деп билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде студенттер эмдөөдөн өтүүгө, болбосо окуу процессинен четтөөгө мажбур болгондорун билдиришкен.