Президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармалды. Бул туурасында бүгүн, 19-октябрда УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Улуттук коопсуздук комитети мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды жүргүзгөн. Анда ырайым кылынууга жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгон адамдарды тактоо жана бекитүү тартибинде коррупциянын белгиленген схемасынын түзүлгөнү такталды.
"Президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы А.Т.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке өзүнө пайда көрүү максатында соттолгон адамдын маселесин оң тарапка чечүү жана ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп С.Н. аттуу жарандан 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталды.
18-октябрда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 170 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен А.Т.Б. кармалып Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө жүрүүдө", - деп белгилешти басма сөз кызматынан.