Биз социалдык тармакта

Жактоочу: "Орхан Инандынын колу Бишкектен эле кыйноого алынып сынган"

Түркияда ФЕТОнун Орто Азиядагы өкүлү катары айыпталып жаткан "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инанды Бишкектен эле кыйноого алынып, колу сынган. Бул тууралуу жактоочу Таалайкүл Токтакунова Түркиядагы кесиптешине таянуу менен социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Мен аны жеке таанычу эмесмин, бирок угуп жатканда менин демим токтоп калды. "Башыма "адам кантип мындай азапка жана кордукка чыдайт?" деген ойлор келди. Эң коркунучтуусу жана өкүнүчтүүсү кыйноо Бишкекте эле башталып, анан өткөрүлүп берилген. Аны үчөө уурдап кеткен, экөө кыргыз. Анын колун унаадан сындырышкан", - деп жазды Токтакунова.

Мындан тышкары, Инандынын Түркияда кыйноого алынганын кийинчерээк жазарын билдирген.

Маалымат үчүн:
Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.

Орхан Инандынын жоголушу боюнча окуянын хронологиясы менен шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Asmat84
2021-10-19 13:14:21
Кимдер кармап беришти экен аа канча акча алышты экен кармап бергенине
0
Antiradikal3
2021-10-19 13:54:55
Asmat84, Ташиев акендин буйругу менен кармашкан. УКМКнын кабары жок бул туркту Кыргызстандан чыгарып кетишти деп ойлодун беле? Чек ара кызматы да Ташиевге баш ийет. Чек арадан алып чыгаарда жогорудан буйрук болушу керек, бироону эркине каршы куч колдонуп алып кетип жатышса...

Бул туркту издеп канча кун тополон бооушту. Жапаров менен Ташиев билмексен болуп тымпыйып отурушту. 1-2 жумадан кийин Ташиев турктун озун айыптап чыкты.
+9
Antiradikal3
2021-10-19 14:00:28
Asmat84, эгер ал турк айыптуу болсо, ошол убакка чейин эмнеге кылмыш ишин козготуп жоопко тарткан жок?

Бул турктун кармалып Туркияга откорулушуно Жапаров менен Ташиевдин туздон-туз тиешеси бар.
+4
mery.89
2021-10-19 14:08:53
Өкмөттөгүлөр көрүп билип ошол эле лицейлерде балдарын окутушуп Орхан Инандыны айыбы жок кармаганын билсе да алсыздык кылып көңүл кош карашты.Биздикилерге акчасын берсе сапатты жаап Эрдогандын марифин ачкандан тайбаса керек гоооо.
Негизи биздин эл бирөөнүн көңүлүн оорутпаган калк да ошого Эрдогандын көңүлү үчүн тынч эле отурушат менимче.
0
Tynar1213
2021-10-19 19:57:55
Инандыдан башка ишинер бүтүп калдыбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан