Бишкекте веложүрүшкө байланыштуу айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта 24-октябрда саат 10:00дөн 11:00гө чейин шаардын Байтик баатыр көчөсүнөн Токомбаев көчөсү менен Нуркамал көчөсүнүн кесилишине чейинки бөлүгү (Асанбай кичи району) жабылары айтылат.
Шаардык мэрия ыңгайсыздык келтиргени үчүн кечирим сурап жана шаардыктардан маршрутту алдын ала пландаштырууну суранат.