Бишкек шаарындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайлар майрам жана дем алыш күндөрү акысыз болот. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, иш күндөрү саат 8:00дөн 20:00гө чейин муниципалдык унаа токтотуучу жайларда унаа токтотуу баасы 25 сомду түзөт.
Муниципалдык унаа токтотуучу жайлар төмөнкү даректе жайгашкан:
- Киев көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан Кулиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Бейшеналиева көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Токтогул көчөсүнүн Жаш Гвардиядан Ала-Арча дарыясындагы көпүрөгө чейинки бөлүгү;
- Кулиев көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
- Безымянная көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Безымянная көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Сүйөркулов көчөсүндө (Ж-Пудовкин көчөсү);
- Юнусалиев көчөсүндө (Сүйөркулов көчөсү);
- Кулатов көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Матросов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Сүйүмбаев көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Исанов көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Ибраимов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Клубный чолок көчөсү (Сары-Озон базары);
-Курманжан-Датка көчөсүнүн Жибек-Жолудан Славянский чолок көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Токтогул көчөсүндө "Мото" соода борборунун жанында;
- Шопоков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Бобулов көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн Пушкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- "Мадина" базары (жаңы жол);
- Бөкөнбаев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсмүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Киев көчөсүнүн Манас кең көчөсүнөн Керимбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Киев көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү.