Өлкөдө ушул жылдын январь-сентябрь айларында 50 миң 725 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Соцфонддун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, август айында 4 235 жаран пенсия алып баштады.
"Андан тышкары эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 699 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелди", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Белгилей кетсек, өлкөдө пенсиянын орточо көлүмү 6 миң 248 сом.