Кытайдан келген гранттык каражатка Бишкектин 23 көчөсү оңдолду

Кытайдан келген гранттык каражатка борбор калаанын 20дан ашуун көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен белгилешет.

Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кытай өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган "Бишкек шаарынын унаа жолдорунун катмарын калыбына келтирүү" долбоорун кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюу салтанатына катышты.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, аталган долбоордун алкагында жалпысынан узундугу 40 чакырым жолдун асфальт бетон катмары калыбына келтирилген, 23 көчө оңдолуп, борбордун транспорттук инфраструктурасы жана жол кыймылы, андагы өткөрүү мүмкүнчүлүгү жакшыртылган.

"Аталган долбоорлор "Бир тилке бир жол" белгилүү демилгелер алкагындагы Кыргыз жана Кытай мамлекеттери ортосундагы достукту жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган", - деп белгиледи Кожошев.

Өз кезегинде Кытайдын элчиси белгилегендей, мындай долбоорлор эки өлкө ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлинин ачык далили болуп саналат.

Жыйынтыгында Арзыбек Кожошев кытай тараптан көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, министрлер кабинети өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ар дайым колдоого даяр экендигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан