Биз социалдык тармакта

Депутат: "Жол кырсыктары көбөйүп жатат. Жол боюна мал жайганды токтотуу керек"

Депутат Бакирдин Субанбеков жол боюна мал жайганды токтотуу керектигин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Акыркы күндөрдө болуп жаткан жол кырсыгы тууралуу кайрылгым келип жатат. Адамдын өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок. Күн сайын жол кырсыгы көп катталып жатат. "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирип жатат. Эртең менен жолго чыкканда аман-эсен жетип алалы деп айтышыбыз керек. Таластагы жол кырсыгы тууралуу айтсам бодо малдан качам деп чоң унаага урулуп, 8 адам каза болду. Протоколдук тапшырма берип, жолдун боюна мал жайганды токтотуу керек. Бир айдоочу мага кайрылды Манас проспектисинен келе жатса алдынан мал чыгып аз жерден унаа оодарылып кете жаздаганын айтты. Бул жерде президенттин кортежи, делегация өтүп жатат. Мунун алдын алуу керек", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jolin
2021-10-21 00:42:04
Малдын бул жакта эч кандай тиешеси жок,биздин айдоочулар адам катары ойлонуп, анан айдашса эч кандай кырсык болбойт!!! Анан жол эрежесин билбесе буйтайт, билген айдоочу тормоз басат, ошондуктан скорость жайыраак болуш керек!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан