Биз социалдык тармакта

"Алты саны аман кызга үйлөндүм" дейт интернет жылдызы Бейшебай Талантбеков

SUPER.KG порталынын каарманы, интернет жылдызы Бейшебай Талантбеков үйлөнгөнүн айтып, кубанычтуу жаңылыгы менен тең бөлүштү. Тубаса эки колу жок төрөлгөн Бейшебай алты саны аман кызга үйлөнөм деген тилеги орундалганын кошумчалады.

"Сиздер менен кубанычтуу жаңылыгымды бөлүшкүм келди. Кудайдын буйругу менен сүйгөн адамыма үйлөндүм. Аты Нурайым, 18 жашта, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунан болот. Экөөбүз 1 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп, андан соң баш кошуу чечимин кабыл алдык. Буюрса, үйлөнүү тоюбузга сиздерди дагы чакырабыз. Алты саны аман кызга үйлөнсөм экен деп тилек кылчумун, ошол тилегим орундалды десем болот", - дейт Талантбеков.

Бишкек ЖЭБин көмүр менен казак компаниясы камсыздайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nurdin060683
2021-10-20 13:06:37
Бактылуу болгула
+7
muku.85
2021-10-20 15:39:56
Ар жанга ушундай кубанычтуу кундор насип кылсын.Оооммиийн
+5
Birimdik5555
2021-10-22 16:17:22
Бактылуу болгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан