Ош шаарында асынган абалда жансыз денеси табылган келиндин 3 баласы бар. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 19-октябрь күнү болжол менен саат 15:30 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына шаар тургунунан кабар келип түшкөн, анда Ош шаарынын Туран кичи шаарчасындагы үйлөрдүн биринен 30 жаштагы А.Н. аттуу келиндин жансыз денеси асылган абалда табылганын билдирген.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып кароо жүргүзгөн учурда маркум Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну экени такталып, өзүнүн апасынын үйүнүн кире беришиндеги устунга моюн орогучу менен асынган. Жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Бул ишке маркум эмне себептен баргандыгы иликтенип, такталууда.