Биз социалдык тармакта

Акыркы 9 айдын ичинде өлкөдө катталган кырсыктардын кесепетинен 90 адам каза тапкан

Бүгүн, 20-октябрь күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы 9 айындагы иштеринин жыйынтыгы туурасында маалымат жыйын өтүүдө.

Анда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов акыркы 9 ай ичинде өлкөдө 37 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен 90 адам каза болгондугун билдирди.

Өлкө аймагында 7 ири жол кырсыгынан 44 адам, 17 сел кырсыгы катталып, 10 адам каза тапкан. Баткен облусунда катталган өзгөчө кырдаалдан 36 адам каза болгон.

9 айдын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматынын жана өрттөн куткаруу бөлүктөрү ар кандай кырсыктарга 4 миң 690дон ашык чыгуу болгон. Өзгөчө кырдаалдар боюнча келтирилген чыгымдар - 1 миллиард 928 миллион 54 миң сом, өрт кырсыгынан - 602 миллион 103 миң 417 сомду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан