АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте Баткен облусунда 28-30-апрелде орун алган чек ара чырында жабыр тарткан тургундарга психологиялык жардам көрсөтүү ниетин билдирди. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, USAID'дин “Жигердүү жарандар” долбоорунун аталган программасы 2021-жылдын сентябрь айынан 2022-жылдын январына чейин “Үй-бүлө жана коом” коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:
- Баткен жана Лейлек райондорундагы медицина кызматкерлерин окутуу, психологиялык жардамга муктаж болгон жарандарды аныктоо, кабыл алуу жана жардам алуусу үчүн аларды адистерге жөнөтүү;
- Лейлек районундагы үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттин мүчөлөрүн, жергиликтүү социалдык кызматкерлерди жана адистерди, анын ичинде гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга коопсуз колдоо көрсөтүү жана алар менен иштөө боюнча окутуу;
- Чыр-чатак учурунда жамааттарга жардам көрсөтүүгө тартылган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө стрессти башкарууга жана өзгөчө кырдаалдарда эмоционалдык жактан чарчоону жеңүүгө үйрөтүү;
- Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ошондой эле бейөкмөттүк уюмдарга өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда баштапкы психологиялык-психиатриялык жана негизги социалдык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү колдонмону иштеп чыгууда көмөк көрсөтүү.
"Бул демилгенин негизги максаты - Арка, Карабак, Көк-Таш, Кызыл-Бел, Кулунду, Максат жана Раззаков айылдарынын тургундарына түздөн-түз психологиялык жардам көрсөтүү", - деп билдирди “Үй-бүлө жана коом” коомдук бирикмесинин башчысы Лилия Пантелеева.