Бүгүн, 20-октябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын мыйзам алдындагы теңчиликтери, билим алуусу, эмгекке болгон укуктары талкууланды. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, жолугушууга министр Кудайберген Базарбаев жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушунун катышуучулары министр Кудайберген Базарбаевден конвенцияны ишке ашыруу боюнча чараларга, 18 жаштан ашкан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “жеке ассистент” кызматтарын киргизүүнү суранышты.
Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен социалдык кызматкердин ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жаатында башка өлкөлөрдөн тажрыйба алмашуу жаатында иш алып баруу боюнча да суроолор талкууланды.