Биз социалдык тармакта

Энергетика министри: "Өлкөдө электр жарыгын өчүрүүлөр болгон жок"

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында күз-кыш мезгилине карата даярдыктар тууралуу маселе каралууда.

Депутат Тариель Жоробеков электр энергиясын өчүрүүлөр ишкерлерди зыянга учуратып жатканын жана үнөмдөө максатында циклдүү өчүрүүлөр болуп жатканын айтты.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев өлкө аймактарында электр жарыгы үзгүлтүксүз берилип жатканын билдирди. Ошондой эле жарыкты өчүрүү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экенин кошумчалады.

"Азыркы учурда аймактарда колдонулган электр энергиясын үнөмдөө үчүн циклдүү өчүрүүлөр болгон жок. Бардык өчүрүүлөр жабдуулардын 60 пайызынын эскириши менен байланыштуу. Оңдоп-түзөө иштеринде алдын ала эскертүү берүү менен өчүрүп жатабыз.

Эгер өчүрүүлөр болсо, дарегин бизге айтыңыз, изилдейбиз. Ал эми авариялык өчүрүүлөр болуп калышы мүмкүн", - деди Бекмурзаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
BarsBaatyr
2021-10-20 19:19:01
Элди тупой ойлойсуңар да. Айылдарда жумасына кеминде эки күн, болбосо төрт күнгө чейин өчүрүлүп жатпайбы. Айылдарга келип ушул сөзүңүз кайталасаң чокуңа жеп кетесиң.
+12
forever88
2021-10-20 19:24:46
Калпты окшоштуруп айткылачы
+9
IOA
2021-10-20 19:38:34
Министр мырза крокодилди учуруп жибериптир
+8
Tursunbaev1978
2021-10-20 20:04:14
Ит экен,парламентте туруп алып жалган сүйлөптүр
+7
Aibek-312
2021-10-20 20:22:44
Лейлектин көпчүлүк айылдарында түнкү саат 1де электр энергиясын өчүрөт кайра таңкы саат 6 да Жанат ушул маалыматты жеткизип койгула супер инфо
+7
SHahabidin-jabborov
2021-10-21 01:02:12
Aibek-312,ооба Лейлектин Бешкент айыл аймагында ар тYнY oчурулот.6 айдан бери.
+1
Jonisem
2021-10-20 20:36:54
Бизде да өсүп эле атат
+3
Boru-89
2021-10-20 20:55:01
Вай энен аферист мынча калп айтасынар элди лох ойлойсунарбы же биз элдер чындап лох болуп калдыкпы,жумасына 2-3 кун созсуз очуп ататго свет.Жайындасы ремонт кылбай эшек такаладынарбы котуно келгенде какылыктайт болбой.
+5
Rusi79
2021-10-20 20:56:00
Шугур дегиле ушунчалыгына.
-7
O.dembele
2021-10-20 21:37:14
Бизде очук эле
+1
Tinatin2002
2021-10-20 21:56:31
Жумасына 1кун күндүзү 2кун түндөсү өчүп жатат. Анан кантип очбой жатат деп уялбай айтат. Эки жумадан бери ушул көрүнүш.
+1
shahlet
2021-10-20 22:23:12
жомок, жомок жана жомок!
+1
Alixan-Nookat.2015
2021-10-21 00:44:27
Ушулар тойгозду элди алдап
+1
Asmat84
2021-10-21 05:14:19
Кайсы бети менен айтып атат экен аа
0
Elnura_2322
2021-10-21 14:58:47
Дордой жаны конушунда кундо эле тункусун жарым сааттай очуруп кайра куйгузуп атышат, кундо бирдей убакытта
0
almantai
2021-10-21 18:13:01
Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө күнүгө саат 14:00дөн 17:00 гө чейин өчүп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан