Буга чейин Талас облусундагы убактылуу кармоочу жайда алдын ала текшерүү жүргүзүлүп, көптөгөн мыйзам бузуулар бар экендиги аныкталган. Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун маалыматына караганда камактагылардан бир катар (нымдуулукка, кир төшөнчүлөргө, керебеттердин жана жууркан-төшөктүн жоктугуна) даттануулар түшкөн.
Бул боюнча Талас ОИИБинен кызматтык текшерүү жүргүзүп жатканын билдиришти.
"Талас ОИИБи кызматтык текшерүү жүргүзүп жатат. Бардык пункттар текшерилет. Анын жыйынтыгы боюнча биз тиешелүү органдарга билдиребиз", - дешти облустук милициядан.