Миргүл Молдоисаева Кыргыз мамлекетинин БУУдагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Кыргыз өлкөсүнүн АКШнын Нью-Йорк шаарындагы БУУнун расмий өкүлү болот. Анын талапкерлиги парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде колдоо тапкан.