Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрүн сыйлады

Бүгүн, 21-октябрда президент Садыр Жапаров 2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына өткөрүлгөн республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрүн сыйлады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Биринчи топтун арасынан:

  • I орун 1 миллион 500 миң сом байге фонду менен - Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө;
  • II орун 1 миллион сом байге фонду менен - Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнө;
  • III орун 500 миң сом байге фонду менен - Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнө;
  • Экинчи топтун арасынан:
  • I орун 1 миллион 500 жүз миң сом байге фонду менен - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө;
  • II орун 1 миллион сом байге фонду менен – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнө;
  • II орун 500 миң сом байге фонду менен - Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнө.

Мындан тышкары, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты:

  • Абдыразаков Асылбек Таштанбекович - Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • Дүйшөбаев Мукталы Бошкоевич - Талаc облусунун Манас районунун Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • Мозгачева Виктория Андреевна - Бишкек шаарынын вице-мэри;

Усенова Эльмира Валентиновна - президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 30 жылдыгына карата президенттин атынан алкыш жарыялады:

  • Апбасов Каныбек Сагынбековичке - Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;
  • Абдыкадыров Эмилбек Ысакуловичке - Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;
  • Ормоков Эрнисбек Абдижалиловичке - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри;
  • Рахманкулов Алмазбек Рахманкуловичке - Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pankration_MMA
2021-10-21 14:34:47
Тааныш-билиш болуп кетиптир буягы!
+1
ainura220888
2021-10-21 15:18:11
Биздин ноокен районунун ноокен айыл окмоту олуп кетсе албайт.
+2
Antiradikal3
2021-10-21 17:04:25
Колхоздон чимкириктерге мактоо жана алкыш...

-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан