
Эртең, 22-октябрдан тарта Ош шаарынын тургундарына жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Оштогу муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасынан билдиришти.
Маалыматта жазылгандай, тиешелүү чечим 20-октябрда Ош шаардык мэриясынын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча атайын штабынын жыйынында кабыл алынды.
"Жылуулук берилгенден кийин 3-4 күн аралыгында шаардын бардык аймагына толук жылуулук жетет.
Ошондуктан көп кабаттуу үйлөрдүн подъездериндеги эшиктерди жабык кармап, үйдүн эшик терезелерин жылуулап, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырабыз", - деп билдиришти ишканадан.