"Кышка даярдык деп түшүнөлү". Электр энергиясын убак-убагы менен өчүрүүлөр боюнча министрлик билдирүү таратты

Электр энергиясын убак-убагы менен өчүрүүгө жол берилбейт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр-жай министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Энергетика министрлиги электр энергиясын убак-убагы менен өчүрүүгө жол бербөө үчүн бардык чараларды кабыл алат.

"Бекитилген график боюнча 2021-жылдын октябрь айынын соңуна чейин бардык энергетикалык объектилерде оңдоп-түздөө иштери аяктайт. 1-ноябрдан тарта оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу электр энергиясы өчүрүлбөйт. Бирок авариялык кырдаал жаралса калыбына келтирүү үчүн жарык өчүрүлүшү мүмкүн. Башка учурда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт.

Белгилей кетсек, былтыр пандемияга байланыштуу энергетикалык объектилерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Быйыл бардык жабдуулар оңдоп-түздөөдөн өттү. Оңдоо иштери масштабдуу жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу электр жарыгы да өчүрүлүүдө. Бул аракеттер кышкысын электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү максатында жасалганына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда электр жарыгын убак-убагы менен өчүрүүлөр болуп жатканы калктын нааразычылыгын жаратып жатканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан