Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиев: "Түркиядан дүйнөдөгү 5 эле өлкөдө бар "Bayraktar" пилотсуз учактарын алабыз"

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз өлкөсү Түркиядан "Bayraktar" пилотсуз учактарын аларын билдирди. Бул УКМКнын башчысы чек ара кызматына күжүрмөн техникаларды тапшыруу аземинде билдирди.

"Биз башка техникаларга дагы мамлекеттик бюджеттен акча төлөдүк. Азыркы учурда Түркияда "Bayraktar" пилотсуз учактары жасалып жатат. Бул Дүйнөдө 5 эле мамлекетте бар экен. Жакында учактар келет. Биз учактарды башкаруучуларды ошол жерден окутуп, даярдап жатабыз", - деди Ташиев.

Мындан тышкары, Камчыбек Ташиев Кыргыз өлкөсү байкоо жүргүзүүгө арналган орусиялык "Орлан-10" дрондорун сатып алып жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Aimani
2021-10-22 08:24:44
Катуу катуу
+10
max-bek
2021-10-22 08:36:14
Армияны кучтогуло.
+17
Samash-87
2021-10-22 08:41:06
Адахан президент болгондо Ысык-Көлгө подводная лодка,авианосец алып келмек дегендер чыккыла.
-14
Tursunbaev1978
2021-10-22 09:20:35
Samash-87,көк мээ,Адахандын не тиешеси бар бул жерде?
+15
Medina87
2021-10-22 08:43:45
Жакшы жанылык)
Элибиз тынч,бай бакыбат болсунчу)
+11
alinsan
2021-10-22 09:04:40
жакшы жанылык, кереги ташка тийсин бирок алып койгонубуз жакшы
+22
Akjol18
2021-10-22 09:27:12
Жакшы,өзүбүзгө сак болушубуз керек.
+12
joke81kg
2021-10-22 10:15:24
Садыр жапаров ташиев алга ишинерге ийгилик мына бир жылда ушунча беш жылда чоон онугуу болот буйурса
+7
Antiradikal3
2021-10-22 15:41:24
joke81kg, баштады кошоматчылар пахта коюп... Бир жылда онукпогон, 5 жылда онугуп кетет имишпиз... 5 жылда онукпой калсак 15 жылда онугобуз деп чыгышат подхалимдер.....
-1
Asyl.jazi
2021-10-22 17:34:02
Antiradikal3,сен кандай адамсын. Бироонун созуно дайыма каршы чыгасын. Эмне озундукун эле туура деп эсептей бересинби?
Ар бир адам озуну онуктурсо, анан мамлекет онугот деп ойлойм. Сен сыяктуулар дайыма тескери жагын коросунор.
Кыргыз элимде "Жакшы ниет - жарым ырыс" деген макал бар. Ушул макалды жакшылап мээне коюп ал сураныч
-1
Antiradikal3
2021-10-22 21:53:36
Asyl.jazi, "Балык башынан сасыйт" деген да макал бар, эгер билсен. Анан калса, фундаменти кыйшык уйдун дубалы да кыйшык болот.

Айткым келгени, бийлик башындагылар онолмойунча, олко онолбойт. Бийлик башындагыларды тазалап тазасын кою бийликтин эн башындагы адамдардан коз каранды. Бирок тилекке каршы бийликтин эн башындагы адамдар мурункулар сыяктуу эле капчыктарын толтуруп, бийлик бутактарына тууган-уругун тартуу менен алек...
0
Siren90
2021-10-22 11:55:19
Сактыкта кордук жок
+2
bond0202
2021-10-22 12:14:53
Жакшы жанылык.эми алгандан кийин колдоно да билиш керек.душмандар кол салып чекеден атып олтуруп жатса сабыр кылайлы деп коркуп олтура бербей
0
bayern-munchen
2021-10-22 12:29:31
bond0202,окутуп жатабыз деп жатат
+2
Antiradikal3
2021-10-22 15:45:05
Сатып алганы го жакшы. Бирок аскерлердин таалим-тарбиясына качан конул бурулат? Бугунку аскерлерибиз Мекенди коргоого канчалык денгээлде даяр? Курал-жаракипрды канчалык колдоно алат? Ачыгын айтканда биздин коргоо системасы кулайын деп калган жыгач кашага окшош. Байрактар жакшы, бирок байрактар менен эле маселе чечиле калбайт...

Олконун коргонуу потенциалын жогорулатуу учун коптогон иш-чаралар аткарылуусу керек, аскер тармагында реформалар керек...
+3
Invests
2021-10-22 23:30:19
Ушул самалетпу. Оюнчукка окшоп
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан