"Жансыз денесин жиликтеп дааратканага ыргытышкан". Баткенде күйөө баласынын өлүмүнө шектелип кайнагалары кармалды

Баткен облусунда күйөө баласын эки кайнагасы мыкаачылык менен өлтүргөнгө шектелип кармалды. SUPER.KG порталына өздүк булактардын билдиргени боюнча маркумду эки кайнагасы өлтүрүп, жиликтеп дааратканага салып үстүн топурак менен көмүп салышкан.

Ал эми Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы "адам өлтүрүү" фактысы болгонун ырастап, төмөнкүлөрдү билдирди.

"17-октябрь күнү саат 22:30дар чамасында Баткен районунун Бужум айылында жашаган 1988-жылы туулган Жигитали Темирбаев белгисиз тарапка чыгып үйгө кайрылып келген жок деп бир тууган эжеси 19-октябрь күнү милицияга кайрылган.

Бул факты Баткен РИИБинде каттоого алынып, издөө иштери жүрө баштаган. Тажрыйбалуу криминалдык милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада шектүү катары Баткен шаарынын Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну И.М. жана анын бир тууган иниси 28 жаштагы Ж.Н. аныкталып кармалган. Бул факты өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысына квалификациясы өзгөртүлүп, азыркы күндө тергөө иштери уланууда. Бул иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилген", - деп жазылат маалыматта.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Jacob.
2021-10-22 10:07:47
Ошончолука жеткирген го куйообаласы..
-16
Jibani
2021-10-22 10:27:06
Jacob.,ошончого жеткирди деп жиликтеп салыш керекпи?
+13
Jacob.
2021-10-22 12:14:32
Jibani, мен сага жиликтеп салыш керек деп жаздымбы?
Азыркы адамдар нервный.. коп нерсеге сабыры жок
-2
Jibani
2021-10-22 13:32:32
Jacob.,Эми сен озун ошого жеткирди дедин го
+10
Belek1710
2021-10-22 10:45:08
Jacob.,Сенин да акылың жайында эмес го.
+4
bayern-munchen
2021-10-22 12:26:14
Jacob.,негизи илгери Кайната кайнене кыскасы кайын журт Кыз турмушка чыкандан кийин турмушуна киришкен эмес азыр башкача тем более эркектер киришпей наборот жакшы совет берип койсо болмок анчалык мыкаачылыка барбай
+13
-FREEDOM-
2021-10-22 10:07:49
Тооа,тооа
+7
VENOM
2021-10-22 10:08:24
Сөз жок кыскасы..
+8
souza.j
2021-10-22 10:53:29
Карындашында иш бар. Жамандай Берген да акелерине
+15
AidaKurman
2021-10-22 11:35:58
Тооба кылдым. Адамдардан корко турчуу заман болуп калдыго.
+7
ainura220888
2021-10-22 11:53:48
Кечке карындашын ура берсе ошентетда. Ойлоп атам баткенде биздин бир тууганыбыз бар эле чычканга окшогон куйо баласы бар эле. Москва сидним экоо иштеп журуп аялынын айлыгын барып аялынан мурда алып уйуно салып жиберет экен. А балдарын болсо кыздын ата энеси карайт. Цепочкасын кетип атканда алып калыптыр. Апалары кабар алып койчу дей берненинен барсам кышта иш жакын чуркап кирип кетет деп куртка сапоги алып бербептир. Андайларды олтуруп койгон аз. Олло кыйкырып бакырып акчаларын алып бергем
+2
bayern-munchen
2021-10-22 12:27:55
ainura220888,Сен психологго кайрыл
+1
Jibani
2021-10-22 13:34:18
ainura220888,аиии жаман тажал нерсесин го долу))
-1
joke81kg
2021-10-22 17:02:43
Мындай мыкаачыларды айылдан кууп чыгыш керек башкаларгада сабак болсун
+6
Munir81
2021-10-22 18:33:43
Ммм да жакшы иш болбоптур
+7
Erkusha
2021-10-23 10:49:24
Күнөө эч качан бир тараптан болбойт
-2
Datka7777
2021-10-24 19:49:15
Erkusha,анан мучолош керекпи
0
Zarema11
2021-10-23 17:23:37
Жасаган иштерине жооптур балким.
-5
Stervashka
2021-10-23 19:59:47
Олтургон балдар жакшы тарбия алган ,жакшы жердин ажынын балдары экен эле.Баары айылдагылар тан калып атышат экен.Эмнеге мындай кылышты деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан