Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Daewoo Labo жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар сүзүштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 4 аял киши жабыркаган. Жабыркаган жарандар жолдо бара жаткан унаалар аркылуу Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген. Жерине 3 куткаруучу тартылып, аталган жарандардын аты-жөндөрүн такташкан.