Бишкек-Ош унаа жолунда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каар жаап, шамал болуп жатканына байланыштуу Ала-Бел ашуусунда, жол тоңуп жол тыгыны пайда болгон. Жерине №23 жол тейлөө ишканасынын техникалары тартылып, карды тазалоо жана жолго кум чачуу иштери жүргүзүлүп жатат.