Биз социалдык тармакта

"Кар токтобой жаап жатат". Бишкек-Ош унаа жолунда бардык транспорт каттамдарына чектөө киргизилди

Республикада аба ырайы өзгөрүп, кардын тынбай жаашынан улам Бишкек-Ош унаа жолунда транспорт каражаттарынын каттамына чектөө киргизилди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан белгилешкендей, чектөө бүгүн, 22-октябрь саат 08:30дан баштап киргизилди.
"Аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүлгөнүнө ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда кардын тынымсыз жаап азыркы учурда унаалардын тыгыны пайда болгонуна байланыштуу Токтогул району аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан "Арал" стационардык постунан бардык унаалардын түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.
Азыркы учурда тийиштүү кызматтар менен биргеликте жолду тынымсыз тазалоо иштери жүрүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.
Бишкек тарапка сапарга чыккан бардык айдоочуларга, керектүү шаймандарды алып, кышкы дөңгөлөктөргө алмаштыруу эскертилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан