УКМК тарабынан кармалган Чек ара кызматынын кызматкерлери 20-ноябрга чейин камакка алынышты. Бул тууралуу облустук соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар "Достук унаа жолу" өткөрмө пунктунун башчысы Аскарбек Эрмекбаев, Ош облусу боюнча чек ара кызматынын башчысы Чынарбек Насиев, Чек ара кызматынын башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары Курсанбек Бекташов.
19-октябрда ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө "адамдардын тобу тарабынан пара алуу" беренеси менен кармалышкан.