Биз социалдык тармакта

Бишкекте мугалим сабак учурунда дааратканага суранган окуучуну жибербей коюп, ал шымына зара ушатып салган

Бишкекте мугалим сабак учурунда дааратканага суранган окуучуну жибербей коюп, ал шымына зара ушатып салган. Бул тууралуу Балдардын укуктарын коргоо лигасынын директору Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Учурда баланын апасы мектеп жетекчилигине карата нааразычылыгын билдирүүдө.

"Азыр мугалим балага жана энесине кысым көрсөтүп, окуучуну мектептен алып кетүүнү талап кылууда. Биз Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгына жардам сурап кайрылдык", - деп жазат Турдубекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Ansar
2021-10-22 17:00:40
Эми баля болдуго. Мындайлар арызданчуу же жарялачуу нерсе эмесго. Бул нерселерди кийин чогулганда эстеп куло турган нерселерда.
-2
Marni
2021-10-22 17:30:24
Ansar, баланын укугунун тебеленишине, классташтарынын алдында шылдың болушуна маңкурттар эле күлбөсө, мээси ордунда адам эч качан күлбөйт. Тескерисинче, жабыр тарткан тарапка боору ооруйт, балага жана ата-энесине психологиялык жардам берүү керек экенин билет.
+9
ayzhan12
2021-10-22 17:01:23
Бир кичинекей маселе учун мугалимдерге ар тарабтан басым коргозо бергенди токтотуш керек.
-9
Marni
2021-10-22 17:35:17
ayzhan12, маселени жараткан, басым жасаган мугалим. Баланын укугун тебелегени үчүн жооп берсин.
+6
Datka7777
2021-10-23 09:42:53
Биздин класста деле болгон мындай окуялар
-1
Luna7
2021-10-23 09:59:44
3 класста бизде да болгон андай,эжеке чыкпайсын,тазалыка барам деп ойноп журосунор эшикте деп чыгарбай койгон,дагы жакшы кыздын уйу жакын болчу ,эжеке озу алпарып таштап келген уйуно,азыр эстеп кулуп калабыз,бирок кыз эстегиси келбейт,койчу болгон эмес андай деп
-1
Luna7
2021-10-23 10:01:16
Дагы биринде доскада жазып аткан бала турган жеринен жайлап койгон,шымынан жерге жайылып эле калса тушунбой эле карап калганбыз,
-1
Erkusha
2021-11-01 00:22:09
Бизде да болгон ал убакта 3чу класс элек азыр 27ге чыктык эстеп куло беребиз классташтар чогулганда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан