Бишкекте 24-октябрь күнү фехтование боюнча "Мушкетёрлор" клубунда балдар, жаштар жана чоңдор арасында Бишкектин фехтование боюнча чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага 60тан ашуун спортчу катышат.
Мелдештин максаты - Кыргыз өлкөсүндө фехтованиени популяризациялоо жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана өлкөдөгү эң күчтүү фехтовиктерди аныктоо.
Чемпиондук 5-кичи райондо "Космопарк" паркынын артында жайгашкан "Мушкетёрлор" фехтование клубунда өтөт.