Талибдер тарабынан ооган волейболчусунун башы алынды

Кабулда талибдер тарабынан ооганстандык волейбол боюнча жаштар командасынын мүчөсү Махжабин Хакиминин башы алынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Хакиминин машыктыруучуларынын бири спортчу октябрь айынын башында өлтүрүлгөнүн, бирок бул тууралуу эч кандай маалымат таркалбаганын билдирген. Ошондой эле Хакиминин үй-бүлөсү коркутууларга кабылып жана муну жашырууга мажбур болушканын маалымдаган.

"Волейбол командасынын бардык оюнчулары жана башка спортчулардын абалы начар, үмүтсүздүктө жана коркууда", - дейт машыктыруучу.

Талибдер бийликке келгенден кийин Ооганстандын волейбол боюнча аялдар командасынан эки спортчусу гана өлкөдөн чыгып кете алышкан.

Эскерте кетсек, 15-августта "Талибан" кыймылы Ооганстандын бардык аймагында көзөмөл орнотконун жарыялаган. Мындан тышкары ооган аялдарынын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салгандыгы кабарланган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
BISHKEK-312
2021-10-22 19:31:46
Эмнеге өлтүрдү ошондо?
0
O.dembele
2021-10-22 19:45:17
BISHKEK-312,эч кандай маалымат таркалбаганын билдирген.
h
+1
ayzhan12
2021-10-22 19:46:47
Кыздардын үмүтүн талкалаган ашынган динчил талибтер эч качан аялдардын көйгөйүн чече алышпайт. Андыктан бул акмактардын идеялогиясын ээрчибеш керек
+11
XATSAN125
2021-10-22 20:11:19
Ит экенго талиб эмес эле Ит
+14
bazar
2021-10-22 21:54:56
Бизде деле "кыргыз талибтер" жүрбөйбү балбан кыздарыбыздын санына кызыгып "окарашка" деп. Ошолор бийлике келсе бизде деле спортчу балбан кыздардын башын алат биринчи.
Ашкере дин фанаты болбогула!
+8
Myrzan
2021-10-23 00:45:03
bazar,ашкере фанат эмес.дегеле олко боюнча ,озгочо жаштардын массалык динге берилуусу-бул аягы жакшылыка алып барбайт. Бизле динди катуу козомолдоо керек..убагында озбнк президенти И Каримов сыяктуу кылып.
+3
mira28
2021-10-23 03:02:51
Myrzan,тупа туура,дал ушул Ооганстанда да 50-жылдары кадимки эле светтик олколор катарында жашаган бара бара аялдарды басмырлап ороп чулгап,жалан гана аялдарга законун кучотуп акыры жакшы болгон жок.Дагы Америкага шылтоолоп коюшат.
+7
marat-ju
2021-10-23 11:43:04
Билимсиздиктин аягы ушундай болот. Ислам динди тандаганда туура жагын анализдеп анан карманыш керек. Бизде альхамдулиллах шүгүр, баары жайында буйруса. Адашып башка агымга кирип кеткендерди көзөмөлдөш керек,туура багытта көрсөтүш керек
+5
Isikkolumkeremet
2021-10-23 13:02:49
Кыргызстанда жашаганыма суйуном
+3
Danysh1
2021-10-23 15:12:50
Урматтуу админ экстримис терорис деп атабай эле тургулачы зыяны тийип калбасын пайдасы тийбеседа зыяны тийбесин
0
suban78
2021-10-24 02:45:39
Динди бурмалап тушундургон да бул кок мээлерге. Бизде деле бир акмак жаш балдарды башын айлантышы толук мумкун, Кудайдан коркпой, тигинтип айкан, минтип айткан деп жаман жолдорго бурса диндиен билими жок балдар аткарат да айткандарын. Бизге илимдуу, билимдуу аалымдар керек туугандар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан