Олимпиадада күмүш медалдын ээси, эки жолку Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасына кереметтүү күз мезгилинде түшкөн сүрөттөрү менен бөлүштү.
Балбан кыз Фейсбук баракчасына сары жалбырактын фонунда сүрөткө түшкөндү кичинекей кезинен бери кыялданып келгенин жазган.
"№877 кыялым орундалды. Алтын күз - сүрөткө түшүү үчүн мыкты фон. Бала кезимден бери күздөгү сары жалбырактын фонунда сүрөткө түшүүнү кыялданар элем. Кесиптештерим аны реалдуулукка ашырууга көмөктөштү. Дарактардын бардык жалбырактары түшүп калганга чейинки учурду колдон чыгарбаңыз!", - деп жазып калтырган балбан кыз.