Садыр Жапаров сынды кандай кабыл алуу керектигин айтты

Президент Садыр Жапаровго "Президенттин, администрациянын маалымат кызматы сиздердин ишти сындаган басылмаларга, сайттарга көп маани бербейт. Сынга кандай карайсыздар?", - деген суроо берилди.

"Сындап турган бир тарабынан жакшы, ошого карап оңолосун, түздөнөсүң. Мен администрацияга дагы, министрликтерге дагы дайыма айтам. Сындаган сайттарга маани бербегиле, соттошом, териштирем дебегиле деп айтам. Тескерисинче, сынды уккула, балким айтылган сөздүн 15 пайызы туурадыр, ошону оңдогула дейм", - деди өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан