"1 кылмышкерге 3 адам өлтүрүү туура келет". Орусиядагы адам чыдагыс "Ак куу" түрмөсү

Бул жолу Пермь облусундагы “Ак куу” аталышындагы түрмө тууралуу кеп кылабыз. Бул жерде өмүр бою эркинен ажыратылгандар жазасын өтөшөт. Көпчүлүгү “Ак кууда” өмүрүнүн аягына чейин камалат. Мүрзөлөрдөгү ысымдын ордуна түрмө халатынан номери жазылат.

Тарыхы

1938-жылы көптөгөн саясий туткундар үчүн лагерь пункту түзүлгөн. 1955-жылдан кийин ал жерде саясий туткундар кармалган эмес. 1980-жылы бул жерде мыйзамдагы уурулар жөнөтүлгөн бир камералык типтеги бөлмө түзүлүп, ал аркылуу 4,5 миңге жакын соттолгондор өткөн. 1999-жылдан бери колонияда өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалып келет. Абакта террористтер, педофилдер, кылмыштуу топтордун лидерлери, каракчылык түзүлүштөрдүн мүчөлөрү; уурдоо менен алектенген адамдар жана адам өлтүргөндөр жазасын өтөшөт.

Соттолгондор үй-бүлө кура алышат

«Ак куунун» камераларында өмүр бою эркинен ажыратылгандар бирден, экиден, жадакалса үчтөн да камалат. Алардын шайкештиги психолог тарабынан аныкталат. Ошол эле учурда "Ак кууда" өмүр бою соттолгондордун айрымдары үй-бүлө курууга жетишет. Алар жуптары менен достору аркылуу же кат аркылуу таанышып, ошол зонада үйлөнүшөт. Бирок үй-бүлө курушу үчүн туткун алгач 10 жыл жазасын өтөшү керек жана ага эч кандай дооматтар жок болушу шарт. Эгерде шарттар аткарылса, туткун өзгөчө режимден жеңилирээк кармоо шарттарына которулат жана узак мөөнөткө, анын ичинде аялы менен жолугууга уруксат берилет.

Түрмөдө өзүн-өзү өлтүрүү көп кездешет

"Ак куу" өзгөчө жана катуу режимдеги колония болуп саналат. Айланасы күчтүү тосмолор, тикенек зымдар менен курчалган. Колониядан бир дагы туткун качып чыга алган эмес. Аларды 600гө жакын кароолчу жана 50 кызматтык иттер кайтарат. Андан сырткары видеокөзөмөл орнотулган. "Ак кууда" жаза өтөп жаткан кылмышкерлер боюнча статистикасына көз чаптырсак, 1 кылмышкерге 3 киши өлтүрүү туура келет. Кызыгы соттолгондор отурган камераларда жарык эч качан өчүрүлбөйт. Колониядагы катаал режимге эң коркунучтуу бандиттер да туруштук бере алышпайт. Түрмөдө өзүн-өзү өлтүрүү көп кездешет. Эгерде туугандары сөөктү алуудан баш тартышса же адам жетим болсо, ал шаардык көрүстөнгө коюлат. Ошентсе да туткундардын 70%дан ашыгы "Ак куунун" дубалынан кетүү үмүтүн үзбөйт.

Эмне себептен “Ак-куу” деп аталат? Бул боюнча бир нече версия айтылат.

1) Күзөтүү мекемесинин аталышы ак куунун канаттары менен символдонгон имараттардын дубалдарынын ак түсүнө байланыштуу берилген.

2) Абактагылар түрмөнүн ичинде эңкейип, колдорун артына таштайт.

3) Түрмөнүн короосунда ак куулардын эстелиги бар, ошондуктан бул жердин дал ушундай аталышы бар экендиги да логикага ылайык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bayern-munchen
2021-10-23 20:59:40
Кудайым сактасын мындай жерден
+19
orun
2021-10-24 00:40:11
bayern-munchen,омиин!
+9
Asmat84
2021-10-24 14:24:48
Бүт эле түрмөлөрдө свет өчпөйт күнү түнү жанып турат, светти өчүрүп койсо кылмышкерлер көрүнбөй калып өздөрүн өздөрү кол салышы толук мүмкүн ошондуктан свет өчпөйт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан