Баткендин Кадамжай районунда дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы Бекмырза Баймурзаев табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн 23-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаарынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.
Буга чейин өспүрүм изделип жатканын милиция кабарлап, коомчулуктан жардам сураган.