Журналист Болот Абдыжапаров Бишкекте тамактан ууланып 12 адам ооруканага түшкөнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган тамактар шаардагы "Империя пиццы" тамактануучу жайынан буйрутма менен алынганы жазылат маалыматта.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалымат такталып жатканын билдирди.
Ошондой эле SUPER.KG порталы бул маалымат боюнча аталган тамактануучу жайдын дагы пикирин угууга даяр.