Көк бөрү. "Бизге эч ким ишенген эмес". Рустам Тыналиев финалдык оюн тууралуу пикири менен бөлүштү

Бүгүн, 24-октябрда Сокулук районундагы "Белек" ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды. Мелдештин финалында Чүй облусу Ош облусун 8:2 эсебинде жеңип алды.

Оюндан соң Чүй облусунун легендарлуу улакчысы Рустам Тыналиев финалдык оюн тууралуу өз пикири менен бөлүштү.

"Ош облусу аябай күчтүү команда. Ал жерде тажрыйбалуу оюнчулар ойнойт. Ошол эле Манас, Кыяздар... Оюн абдан жакшы өттү. Бирок буйрук экен. Өзүбүздү күчтүүбүз деп айта албайбыз. Бул деген спорт. Бирде утасың, бирде утуласың.

Бизде да көп жылдан бери ойноп жүргөн жакшы оюнчулар бар. Жеңебиз деп да ойлогон эмеспиз. Негизи эч ким ишенген эмес бизге. Бирок буйрук экен", - деди Рустам Тыналиев.

Финалда Чүй облусу менен Ош облусу беттешти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ErkinOkenovich
2021-10-24 19:46:49
Жакшы оюн коргоздунор жигиттер, жениш кут болсун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан