
Өлкөдөгү мектептерде сергек жашоо образын калыптандыруу үчүн класстык сааттар өтүлө баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, сабактарды өтүү тартиби боюнча нускама-усулдук кат даярдалган.
"Сабактар 6-7 жана 8-11-класстардын окуучуларына арналган, сергек жана коопсуз жашоо образын калыптандыруу үчүн зарыл болгон бардык негизги темаларды түшүндүрөт.
Айрым сабактарда жетилүү жана өткөөл куракка, аба аркылуу жугуучу инфекциялардын, анын ичинде COVID-19 жана башка оорулардын алдын алуу маселелери каралат. Аны менен катар мамиле, достук, үй-бүлө куруу, ала качууга жол бербөө тууралуу да айтылат", - деп жазылган маалыматта.