Алты балалуу аялдын камакка алынышы. Октябрь РИИБинин башчысы баш болгон кызматкерлер 2 айга камакка алынды

Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган Октябрь РИИБинин башчысы Улан Аалиев 2 айга УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 21-декабрга чейин камакта болот.

Ошондой эле тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Айсулуу Рамазан кызы дагы 2 айга камакка алынды.

Жогорудагы кызматкерлер Октябрь РИИБинде кыйноо, опузалап пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларына шектелүүдө.

1-октябрда жактоочу Канат Хасанов Бишкек ШИИББинин алдына митингге чыгып, анда "алдамчылык" фактысы менен кармалган 6 балалуу 41 жаштагы аялдын СИЗО-1ге камалганына нааразычылыгын билдирген. Анда жактоочу бул ишке Октябрь РИИБинин кызматкерлери дагы аралашканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2021-10-25 11:17:13
Карга карганын козун чокубайт деп Оз билгендерин иштеген го...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан