Биз социалдык тармакта

"Империя пиццы" кафесинин бардык филиалдары убактылуу жабылды

"Империя пиццы" кафесинин бардык филиалдары жабылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына санитардык-эпидемиологиялык борбордон кабарлашты.

"Массалык уулануунун себеби такталмайынча эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө бардык "Империя пиццы" кафесинин Бишкек боюнча 17 филиалы убактылуу жабылды", - деп билдиришти.

Эскерте кетсек, Бишкекте 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү 12 адам жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Жабырлануучулар шаардагы "Империя пиццы" тамактануучу жайынан тамактанганын айтышкан.

Бүгүнкү күндө тамакка уулангандардын саны 85ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Noon
2021-10-25 12:33:18
Жаап эле салбай дары дармегин төлөтүп бергиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан