Биз социалдык тармакта

Министрлер кабинетинин жетекчилиги мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун эстелигине гүл койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана анын орун басарлары Бишкек шаарында мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюшту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Исхак Раззаков – Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүсүнө зор салым кошкон белгилүү замандаштарыбыздын катарына кирет.
Исхак Раззаков өз өлкөсүнө жана элине ак ниет жана берилүү менен кызмат өтөөнүн жаркын үлгүсү боло алат, ал эми анын аты өлкөнүн тарых барактарында сакталат.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленүүдө. Ал 1950-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунистик партиясынын биринчи катчысы кызматын ээлеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gold81
2021-10-25 15:17:55
Гул койуп журобербей иштебейсинерби! Ошол нерсеге да канча акча сарпталды эстелике гул койобуз деп. Андан коро ошол маркумга атап куран окутуп койсонор соопко!!! Качанга чейин ушинтип эстелике гул койуп эстелике таазим кылып журобуз. Ошон учунда онукпойбуз айкелдерге таазим кылып жургон учун!!!!!.....
+2
modem4999
2021-10-25 16:46:19
Бир тал гулду мен деле барып коймокмун, иштесенер боло.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан