Орусиянын Сургут шаарында жол кырсыгынан жубайлар каза болушту, алар Кыргыз жарандары болушкан. Буга чейин социалдык тармакта каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн өлкөгө алып келүүгө жардам керек экени жазылган.
Бул боюнча маркум жигиттин эжесине байланышканыбызда, Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги эки жарандын сөөгүн өлкөгө жеткирүүгө жардам беришерин билдирди.
Кырсык 23-октябрь күнү Сургут-Когалым унаа жолунда болгон. Сургуттан Ноябрьскти көздөй бара жаткан Hyundai унаасынын 22 жаштагы айдоочусу каршы тилкеге чыгып, Мерседес үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагышкан.
Жеңил унаанын айдоочусу жана анын эки жүргүнчүсү, 36 жаштагы эркек жана 19 жаштагы кыз ошол жерден каза болгон. Унаанын ичиндеги дагы бир 19 жаштагы жигит ооруканага жаткырылган.