Биз социалдык тармакта

Ош шаарында эки күн ичинде 11 мас айдоочу кармалды

Ош шаарынын аймагында жол кырсыктарын болтурбоо, алардын алдын алуу, жол кыймылына тартипти күчөтүү, коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 16-17-октябрь күндөрү Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмү рейд өткөрдү.

Анда шаардын кириш жана чыгыш жолдоруна 7 жерге посттор орнотулуп, кызматкерлер ар бир унааны токтотуп, текшерүүгө алышты.

Эки күндүк иш-чаранын жүрүшүндө, коомдук тартипти бузган жарандарга жана жол кыймылынын эрежелерин базган айдоочуларга карата Бузуулар кодексинин негизинде жалпысынан 1284 протокол толтурулду.

Алардын ичинен:

1. Транспорт каражатын тийиштүү документтери жок башкаруу - 23;

2. Авто ээн баштык кылуу - 4;

3. Жол кыймылынын эрежелерин бузган жөө адамдарга карата - 4;

4. Мас абалында унаа башкаруу - 11;

5. Унаанын алдыӊкы жана каптал терезелерин караӊгылатуу - 5;

6. Ички иштер органдарынын мыйзамдуу талабына баш ийбеген 3 учур катталып, 36 унаа айып короого киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан