Нарын шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын БШК жокко чыгарды. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясынын басма сөз кызматына байланышканыбызда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы Садыр Жапаров "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамга кол коюп, ал ишке киргендигине байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Белгилей кетсек, 22-октябрь күнү Нарын шаарынын мэрин шайлоо болуп, добуш берүүнүн жыйынтыгында Арслан Сталбек уулу Нарын шаарынын мэри болуп шайланган.