Биз социалдык тармакта

"Балдары көңүл ачуучу жайларда коштоосу жок жүрүшкөн". Ош шаарында 29 ата-энеге айып салынды

Ош шаарында жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жүргүзүлгөн рейддин алкагында 29 ата-энеге айып салынды. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашат.
Белгилүү болгондой, 23-25-октябрь күндөрү "Антирекет" аталышындагы 3 күндүк рейдде милиция кызматкерлери 58 интернет клубда, 32 ири дүкөндө, 39 түнкү оюн-зоок мекемесинде болушту.
"Жогоруда аталган жайларда чоӊ адамдардын коштоосу жок жүргөн 38 өспүрүм балага карата тиешелүү документтер топтолуп, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы балдар иши боюнча комиссияга жөнөтүлдү. Оор шарттагы 1 бала аныкталып, балдар үйүнө жеткирилди. Кыргыз Республикасынын бузуулар тууралуу кодексинин 61-беренесине ылайык 29 ата-энеге акчалай айып салынды", - деп айтылат билдирүүдө.
Шаардагы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, рекетчиликти алдын алуу, кылмыштуулукка барышы мүмкүн болгон өспүрүмдөрдү аныктоо максатында жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясы билим берүү жана социалдык жактан коргоо мекемелери менен биргеликте алдын алуу иш-чараларын улантып жатканын кошумчалашты башкармалыктан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан