Орусиялык режиссёр издеп жаткан кыргыз жигити: "Жакшы гонорар төлөштү, каражатты дароо атама жөнөттүм"

Орусияда курьердик кызматта иштеген Кайратбек Нурбол уулу аттуу Кыргыз жараны орусиялык режиссёрлордун тасмасында роль жаратканы, тартуу иштеринен кийин аны режиссёр издеп жатканы кабарланган. Анда мекендешибиз "На близком расстоянии" драмасында роль ойногон.

SUPER.KG порталы Москва шаарында иштеп жаткан жаш талант менен байланышып аралыктан маектешти.


Кайратбек Нурбол уулу Ош облусунун Кара-Кулжа районунан болот. Үй-бүлөдө беш бир туугандын ортончусу. Эки эжеси, бир карындашы жана бир иниси бар.

"Жашоо-шартка байланыштуу Астанада төрөлүп, чоңойдум. Билимди да ошол жактан алдым. Жыл сайын ата-энеме каттап турчумун. Мектепти аяктагандан кийин ата-энеме жардам берүү ниетинде чет өлкөлөргө болгон кызыгуумдун артында Москвага келдим. Бир жылдан бери курьердик жумушта иштеп келем.

Карантин учурунда тасма жаратуучулардан мага сунуш түшүп, макулдугумду бердим. Тартуу иштери башталып, Питерге барганда гана ата-энеме айттым. Алар укканда жетине албай кубанышты. Тартуу иштери дээрлик бир айга созулду. Гонорарды жакшы төлөштү, каражатты дароо эле атама салдым", - дейт ал.



Тасмада роль жаратуу үчүн Кайратбек Нурбол уулу бир айга өргүүгө чыккан. Ал эми режиссёрдун издегени боюнча актёр мындай дейт.


"Мен тасмага тартылгандан кийин Кыргыз жергесине кеткем. Ошол учурда режиссёр эфирден менин дайынымды таппай жатканын айтты. Кайра кайтып баргандан кийин кино жаратуучулар менен байланышып, кайда, эмне кылып жүргөнүм, тасма тууралуу сүйлөштүк. Москвада тасманын жабык көрсөтүүсү орун алып, иш-чарага катыштым.

Москвага барарда койгон максаттарыма толук жете элекмин. "На близком расстоянии" тасмасынан кийин сунуштар болуп жатат. Мындан ары деле тасмаларга тартылгым келет, сунуштарга каршылыгым жок", - деди.


Белгилей кетсек, аталган тасма алгач "Кинотавр-2021" сынагында көрсөтүлгөн. Ал эми 2021-жылдын 28-октябрында көрүүчүлөрдүн сынына коюлат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurjamal1989g
2021-10-26 02:05:07
Ишине ийгилик.
+13
suban78
2021-10-26 09:25:16
Азаматсын. Кыргыздар жакшы жагыбыз менен таанылалычы.
Ийгилик
+9
elmira.
2021-10-26 14:30:27
Казака окшоп калыптыр
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан