Интернет колдонуучулар тарабынан социалдык тармакка келин менен эркек кишинин уруша кеткен видеосу жарыяланды. Анда коомдук жайлардын биринде колунда наристеси бар келин менен эркек кишинин уруша кеткенин, күбөлөр аларды ажыратып калганын байкоого болот.
Күбөлөрдүн айтымында, окуя "Таш-Рабат" соода борборунда орун алып, анда жолдошу келинчегине элдин көзүнчө кол көтөргөн.
Бул боюнча шаардык милиция азырынча маалымат бере элек.