Биз социалдык тармакта

"Атайын ката жазылган". Талкуу жараткан тактадагы сөз боюнча тийиштүү мекемеден түшүндүрмө беришти

Кечээ, 25-октябрда президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Мыкан айылындагы мектептин салтанаттуу ачылыш аземине катышкан.

Анда президент класстын ичи менен таанышуу учурундагы түшкөн сүрөтүндө тактада "мяч" деген сөз "мяк" деп жазылып калганын окурмандар байкап талкуу жараткан.

Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинен төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Марал Жайчибекова Берлыбеков атындагы орто мектепте 3 жылдан бери башталгыч класстарга сабак берип келет. Ал мугалим катары жакшы жактарын көрсөтүп келген.

Тактадагы жазуу атайын жазылган. Мугалим окуучулардын билим деңгээлин, мурдагы өткөн темаларды текшерүү үчүн атайылап ката жазган. Бул жерде окуучулар өзүлөрү ката жазылган сөздү табышы керек болчу (катаны табуу оюну). Мунун максаты окуучулардын туура жазууну өздөштүрүүсү. Мугалим өз сабактарында мындай методиканы көп колдонот. Мындай көнүгүү орфографиялык каталарды көрүү көрөгөчтүгүн өнүктүрүү болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мектеп бир нөөмөттө 300 окуучуга эсептелген. Окуу эки нөөмөттө жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
TIMON_BERKOWITZ
2021-10-26 11:47:28
Гууд!
-4
Rusbayastan
2021-10-26 15:26:51
Ушул мен тан кала берем да окмотто иштегендерге атайын жазат маалымат чындыкка дал келбейт,негизи силер космосто эле иштей турган адамдарсынар.
-3
Mister-XXX
2021-10-26 17:35:33
Актануу...
-2
Danysh1
2021-10-27 10:31:47
Мындай ыкманы көп колдонушат биз сүйүнө берчүбүз сиздин катаңызды таап алдык эжейибиз менен кыйын болуп бара жатасыңар маладес дечү 3чү 4-класста
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан